Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУККА ЖЕҢИЛ ЗАЛАЛ – адамдын өмүрүнө коркунуч келтирбеген жана денсоолукка убактылуу таасирин тийгизген, т. а. 6 күндөн кем эмес, бирок 3 аптадан (21 күндөн) ашык мезгилге созулбаган эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон же 10 пайызга чейинки жалпы эмгекке жарамдуулугунан анчалык көп өлчөмдө эмес туруктуу ажыраткан залал.